Саламаттык сактоо министрлиги Ковид-19дун Түркияда мутация болуп-болбогонун аныктайт
Изилдөө 4 аптага созулат жана натыйжасын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жарыя кылат.
1465472
Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) Түркияда мутация болуп-болбогонун аныктоо үчүн изилдөө ишин баштады.
Коомдук Саламаттыкты сактоо башкы дирекциясынын Улуттук вирусология лабораториясында, 11-марттан бери Түркияга таасирин тийгизген коронавирустун мутациясы болуп же болбогонун аныктоо үчүн изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.
Доц.д-р Гулай Корукоглу жана анын командасы, болжол менен 4 ай бою Түркиянын ар кайсы аймактарынан чогултулган үлгүлөрдүн үстүндө иштеп жатышат.
Бир жума мурун башталган кайра иштетүү жана өркүндөтүлгөн анализ изилдөөсү 4 аптага созулат жана натыйжасын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жарыя кылат.