Чавушоглу майрамга байланыштуу айрым кесиптештери менен сүйлөштү
Министрлер телефон аркылуу байланышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Курман айт майрамына байланыштуу көптөгөн өлкөлөрдөгү кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди, Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф, Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди жана Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен эс-Сафеди менен Курман айт майрамына байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү.
Чавушоглу ошондой эле Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Аль Сани, Кувейттин тышкы иштер министри Ахмед Насир эль Мухаммед эл Сабах, Марокконун тышкы иштер министри Насир Бурита, Замбиянын тышкы иштер министри Жозеф Маланжи жана Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Набиела Тунис менен телефон аркылуу байланышып куттуктоо сөздөрүн айтышты.