Түркия менен Азербайжандын биргелешкен машыгуусунун биринчи этабы

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа барагында машыгуу тууралуу маалымат бөлүшүлдү.

1464779
Түркия менен Азербайжандын биргелешкен машыгуусунун биринчи этабы

Түркия менен Азербайжандын аба жана кургактык күчтөрү Азербайжанда ири масштабдагы биргелешкен аскердик машыгууларды уланууда.

Улуттук Коргоо министрлигинин социалдык медиа барагында жарыяланган маалыматта, «Азербайжан-Түркия Иш жүзүндө атуу боюнча өнөктөш / биргелешкен батальон күчтөрүнүн машыгуусу  Баку жана Нахечиванда бир эле убакта Түркиядан келген кургактык- авиация элементтеринин катышуусу менен улантылууда»,делди.

Бөлүшүүдө ошондой эле машыгуунун көрүнүштөрүнө орун берилди.

Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, машыгуунун биринчи баскычы кечээ башталды. Машыгууга катышкан аскерлер кырдаалга баа берип, согуштук миссияларды аныктап, аянтта изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Министрлик бөлүшкөн сүрөттөрдө машыгуу тармагында танктардын жана бронетранспортерлордун кыймылы чагылдырылган.

Аба күчтөрүнүн машыгуулары Баку, Нахичеван, Генже, Күрдемир жана Евлах шаарларында улантылып, 10-августта аяктайт.

Кургактык күчтөрдүн машыгуулары 5-августка чейин Баку жана Нахичеванда уланат.

Бул арада,президенттин орун басары Фуат Октай, биргелешкен аскердик машыгуу тууралуу социалдык медиа барагынан билдирүүсүн бөлүштү.

Октай билдирүүсүндө: «Бир тууган Азербайжан менен ар дайым жана бардык шартта биргелешкен иш-аракетибизди улантабыз.Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз менен туугандарыбыздын жанындабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар