Түрк аскери биргелешкен машыгуу үчүн Нахчиванда
Түркия менен Азербайжандын кенен масштабдуу биргелешкен машыгуусуна катыша турган түрк аскерлеринин бир бөлүгү Нахчиванга барды.
Түркия менен Азербайжандын кенен масштабдуу биргелешкен машыгуусуна катыша турган түрк аскерлеринин бир бөлүгү Нахчиванга барды.
Түрк аскерлери Нахчиван автоном республикасынын Седерек чек ара капкасында Араз дарыясындагы Үмүт көпүрөсүндө азем менен тосуп алынды.
Аземде эркиндик гимни менен Азербайжан улуттук маршы аткарылып, байрактар алмаштырылды. Аземден кийин аскерлер Нахчивандагы аскердик бөлүктөргө жайгаштырылды.
Азербайжандын борбор шаары Баку жана Нахчиванда 1 - 5 - августта өткөрүлө турган машыгууда түрдүү буйруктар аткарылат жана бронетранспортерлор, артиллерия жана минометтердон коюлган буталарга ок атылат.
Тектеш кабарлар
Түркия Газага гуманитардык жардам жиберилди
Түркиядан гуманитардык жардамдарды Газага алып барган 9 - кеме Египетке жакындады.