Президент Р. Т. Эрдоган : "Эч качан кулатып, жок кылуунун артына түшпөдүк"

Президент Эрдоган Сүмела монастрынын 2 -  этап ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты.

1463438
Президент Р. Т. Эрдоган : "Эч качан кулатып, жок кылуунун артына түшпөдүк"

Президент Р. Т. Эрдоган эч качан кулатып, жок кылуунун артына түшпөгөндөрүн айтты.

Президент Эрдоган Сүмела монастрынын 2 -  этап ачылуу аземи жана Трабзондогу Аясофия мечитинин рестоврациясынан кийин ачылуу аземине түз байланыш аркылуу катышты.

Эрдоган сөз сүйлөп : «Башка диндердин символдорун бутага алган болгонубузда 5 кылымдан бери колубузда болгон Сүмела монастрынын орду жок болмок»,- деди.

Президент Эрдоган Сүмела монастры тууралуу : «Түркиянын территориясындагы  бардык цивилизация мурасына кандай ээ чыкканыбыздын бир мисалы болгон бул эмгекке өлкөбүздү сынга алгандардын көңүлүн бурабыз»,- деди.

Эрдоган Аясофия  -  и Кебир Жами  -  и Шерифи тууралуу  : «Бул ыйык жерге ээ чыгып, коргоп, жашатканыбыз үчүн ыраазычылыкка татыктуу экенибизге ишенем»,- деди.

Президент Эрдоган : «Өзүбүз жана досторубуз үчүн саясий, экономикалык, аскердик, дипломатиялык жактан жана кандай тармакта, кандай күрөш  керек болсо аны аткаруудан тартынбайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар