Пергеде аялдын 1700 жылдык айкели табылды
Биздин замандын 3 - кылымына таандык, кийимчен аял айкелинин консервация иштери бүткөндөн кийин Анталия музейина коюлат.
Анталиянын Аксу районундагы Перге байыркы шаарында аялдын 1700 жылдык айкели табылды.
Маданият жана туризм министрлигинин Казуу иштери боюнча департаментинин соцтармактан берилген маалыматында Стамбул университетинин адабият факультетинин археология бөлүмүнөн профессор доктор Седеф Чокай Кепченин жетекчилигинде жүргүзүлгөн Перге байыркы шаарында жүргүзүлгөн казууларда эллендик мунаралардын алдынан 2020 - жылдын алгачкы айкелинин табылганы белгиленди. Маалыматта биздин замандын 3 - кылымына таандык, кийимчен аял айкелинин консервация иштеринен кийин Анталия музейинде көргөзмөгө коюлары белгиленди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган : " ПККнын жок кылынышы Ирактын да кызыкчылыгы үчүн пайдалуу"
Президент Эрдоган Ирак сапарынан кайтуусунда учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.