Ливия: «Түркия менен ачык жана так келишим түздүк»

Ливиянын Мамлекттик Жогорку Кеңешинин башчысы Халид эл-Мишри, Марокконун тышкы иштер министри Насыр Бурита менен борбор шаар Рабатта өткөн жолугушуудан кийин бирглеше маалымат жыйын өткөрдү.

1463147
Ливия: «Түркия менен ачык жана так келишим түздүк»

Ливиянын Мамлекттик Жогорку Кеңешинин башчысы Халид эл-Мишри, өлкөнүн чыгыш жагындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу согушкерлердин кол салууларынын мизин майтарыш үчүн Түркия менен так келишим түзгөндөрүн айтты.

Марокконун тышкы иштер министри Насыр Бурита менен борбор шаар Рабатта өткөн жолугушуудан кийин бирглеше маалымат жыйын өткөрдү.

Анда сөз сүйлөгөн Мишри: «Улуттук ынтымак өкмөтү Хафтердин 6-10 өлкө тарабынан колдоого алынышынан кийин Түркиядан жардам сурады. Бул өлкөлөрдүн бардыгына каршы мыйзамдуулугубузду коргогудай күчүбүз жок болчу»,-деди.

Мишри, Ливиянын 2013-жылдан бери Бириккен Араб Эмирликтери менен катар Египеттин жана башка өлкөлөрдүн аскердик кийлигишүүсүнө дуушар болгонун, бул абалдын эл аралык чечимге терс болгонун баса белгиледи.

«Хафтер, көп сандаган өлкөдөн жардам сурап Триполи чек араларына чейин келгенде Түркиядан жардам сурдоодон башка чара калган жок. Бул албетте ачык жана так келишимдер каналы менен болду»,-деп айткан Мишри, өздөрү Хафтерге колдоо көрсөтүп жатканда Түркиянын мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөтүүсүн каалабаган өлкөлөрдү сынга алды.

Түркия менен Ливиянын ортосунда 2019-жылы 27-ноябрда «Коопсуздук жана аскердик кызматташтык меморандуму» менен эки өлкөнүн эл аралык эрежелерден келип чыккан укуктарынын сакталышын максаттаган «Деңиздеги ыйгарым укук аянттарына чек коюлушу тууралуу меморандумуна» кол коюлган.



Тектеш кабарлар