Ливиянын компаниялары эң алгачкы аба жолу каттамын Түркияга жасады

Билдирүүдө, экинчи каттам үчүн болсо өкмөткө караштуу Afriqiyah Airways фирмасына таандык учактын учуу даярдыктарын бүтүргөнүнүн маалыматы берилди.

1462434
Ливиянын компаниялары эң алгачкы аба жолу каттамын Түркияга жасады

 

Ливиянын аба жолдору компаниялары жаңы түрдөгү коронавируска (Ковид-19) карата көрүлгөн чаралардын алкагында 4 айдан ашык убакыт тыныгуу берилген сапарларын алгач Түркияга жасалган каттам менен кайрадан баштады.

Эл аралык Мисрата аэропортунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жеке менчик Libyan Wings Airlines фирмасына таандык учактын Жарандык авиация мекемеси тарабынан даярдалган тизмеге жараша алгачкы каттамын ишке ашырганы белгиленди. Алгачкы каттамдын Түркияга жасалганы маалымдалды.

Билдирүүдө, экинчи каттам үчүн болсо өкмөткө караштуу Afriqiyah Airways фирмасына таандык учактын учуу даярдыктарын бүтүргөнүнүн маалыматы берилди.

Ливия өкмөтү Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында 15-мартта Өзгөчө кырдаал жарыялап, кургактык жана аба чек араларынын жабылганын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар