Алтундун Улуттук Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баа берүүсү

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун,Твиттерде жасаган билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук кеңешинин чечимдерине сереп салды.

1460401
Алтундун Улуттук Коопсуздук Кеңешинин чечимдерине баа берүүсү

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун: «Бул чөлкөмдө Түркияга карабай туруп жасала турган эч кандай пайда жок»,-деп жазды.

Фахреттин Алтун кечээ Твиттерде жасаган билдирүүсүндө Ливиядан Сирияга, Ирактан Азербайжанга жана Жер Ортолук деңизге чейинки бардык маселелердин Улуттук Коопсуздук Кеңешинин кечээки отурумунда каралып, улуттук коопсуздук үчүн коопсуздук саясатындагы баш тартылгыс позиция дагы бир жолу кайталанганын белгиледи.

Түркия Республикасынын коопсуздугунун бир гана өз аймагынан турбаганын  баса белгилеген Алтун, Балкан өлкөлөрүнөн Орто Азияга чейин, Булуң өлкөлөрүнөн тартып Гибралтарга чейин бир кыйла кенен географиядан баштап бардык көңүлдөрдү тынчтык аймагына айландыруу жагынан абдан чечкиндүү экенин билдирди.

Алтун, Түркиянын дүйнөнүн ар кайсы аймактарында улуттун эгемендик укуктарына каршы түзүлгөн өнөктөштүктү билгенине жана  бул зулумдук тартибин соңуна чыгаруу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасоодон тартынбай тургандыгын айтты.

Алтун: «/.../ Көп жылдардан бери чечкиндүү улантылган, адам коопсуздугуна багытталган тышкы саясаттарыбыз үчүн чыгым кандай гана болбосун уланат, эртеби-кечпи, бардык тараптар Түркиянын багытын көздөй багыт алат. Түркиянын эң чоң күчү укук жана акыйкаттыкты жактоо болууда. Ар ким бул чындыкты билип коюушу керек; Түркия Азербайжандагы туугандарынын жанында орун алып ар түрдүү орунсуз кол салуунун мизин майтаруудан тартынбайт. Кипрде да аралдын коопсуздугун жана тынчтыгын бузууга каракет кылган ар түрдүү аракетти жок кылат»,-деди.

Алтун, Түркия Республикасынын ПКК/ПЙД жана ДЕАШ террордук уюмдарын кыйроого учуратканы сыяктуу Ливияда мыйзамдуу өкмөткө каршы турган мыйзамсыз фронтту жер менен жексен кыла турган күч жана кудретте болгонун баяндады.

Алтун буларга токтолду: «Аймагыбыздан Жер Ортолук деңиздин эң учуна чейин Түркияга карабай туруп жасала турган эч бир долбоор жана демилге ийгиликтүү боло албайт. Бул аймакта Түркияга карабастан жетишиле турган эч бир пайда жок. Бүткүл дүйнө оор төрөттүн босогосунда болгонун, адамзат үй-бүлөсүнүн тынчтык жана коопсуздукка эч болуп көрбөгөндөй муктаж болгон бул маанилүү босогодо Түркия, бүткүл дүйнөлүк эзилген калктарга чатыр болуусун улантат жана адамзат каалаган амандык чөйрөсүн куруш үчүн болгон күчү менен иштеп жатат. Президентибиз Режеп Таййип Эрдогандын лидерлигинде Түркия Республикасынын тарыхтан алган бузулгус күч жана ишеним менен жүрөктөрдү жандандырууга жана биздин чөлкөмдө пайда болгон жаман уюмдашууларды ушул топурактардан тазалоого чечкиндүү».



Тектеш кабарлар