Январь айынан бери 112 террорист багынып берди

Полиция жана жандармерия мүчөлөрүнүн түшүндүрүү аракеттери үзгүлтүксүз уланууда.

1459780
Январь айынан бери 112 террорист багынып берди

Түшүндүрүү аракеттеринин натыйжасында 2 террорист Шанлыурфада коопсуздук күчтөрүнө багынып беришти.

Январь айынан бери багынып бергендердин саны 112ге жетти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүн багынтууга карата полиция жана жандармерия мүчөлөрүнүн түшүндүрүү аракеттери үзгүлтүксүз уланууда.

Ушул алкакта Шырнактын Облустук жандармерия командачылыгынын түшүндүрүү аракеттеринин натыйжасында 2014- 2015-жылдары уюмга кошулгандыгы аныкталган 2 террорист Шанлыурфада коопсуздук күчтөрүнө багынып беришти.

Ушундайча  2020-жылдын январынан бери ынандыруу жолу менен багынып берген террористтердин саны 112ге жетти.



Тектеш кабарлар