Алтун: «Түркия ФЕТӨнү кечирбейт»

ФЕТӨгө каршы күрөш уланып жатат.

1459994
Алтун: «Түркия ФЕТӨнү кечирбейт»

Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Түркиянын, Фетуллахчы террор уюмун (ФЕТӨ) кечирбей турганын билдирип, эч ким куру кыялдарга батпашы керек деди.

 Фахреттин Алтун басма сөз кызматкерлеринин укугун өркүндөтүү боюнча семинарды видеоконференция ыкмасы менен ачты.

Сөз сүйлөөсүндө ФЕТӨнүн 2016-жылдын 15-июлундагы чыккынчылык төңкөрүш аракетине токтолгон Алтун: «Биздин эл, лидери менен бирге биздин мамлекетибизди басып алуу аракетинен сактап калды», - деди.

ФЕТӨ менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүктүн күндөн-күнгө күчөп баратканын баса белгилеген Алтун, уюмдун таркашы, жаңы түзүмдөрүнүн аныкталышы жана уюмга таандык крипто маалыматтарынын колго түшүрүлүшү менен бирге мамлекеттин мекемелеринде бул уюмга каршы өтө маанилүү ийгиликтерге жетишилгенин айтты.

Бул мамлекеттин эч бир адамынын же бул мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн ФЕТӨ менен күрөшүүдө кичине дагы жумшаруусу, боорукердиги же шектенүүсү болбой тургандыгын баса белгилеген Алтун: «Кылганына өкүнгөн эч бир козголоңчу болбогону сыяктуу эле, мыкаачы террористтерди кечире турган мамлекетибиз да жок. Эч ким курулай кыялданууга кирбесин. Эч ким биздин улуттун аң-сезимине, абийирине жана кыраакылыгына кайдыгер карабашы керек»,- деди.



Тектеш кабарлар