Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Греция качкындарды түрк тарапка түртүп жатат.

1458877
Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Измирдин Дикили районунда грек жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан түрк сууларына кайтарылган 44 качкын куткарылды.

Маалыматка караганда Мадра жээктеринде резина кайыкта качкындардын бар экени боюнча кабар алган түрк жээк коопсуздук күчтөрү аймакка барды.

Жардам күткөн  44 качкын жээкке чыгарылды. Качкындардын грек жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан түрк тарабына кайтарылгандыгы белгиленди. Качкындар андан соң Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.


Этикеткалар: #Греция качкындарды

Тектеш кабарлар