Эрдоган негизги маселелерге токтолду

Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда Президенттиктин кабинеттин 2 жылдык баа берүү жыйыны болуп өттү.

1459195
Эрдоган негизги маселелерге токтолду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы эки жылда террордук уюм ПККга каршы Түркиянын 234 миңден ашуун операция жүргүзгөнүн айтты.

Президент Эрдоган Бештепедеги Улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Президенттиктин өкмөт кабинетинин 2 жылдык баа берүү жыйынында терроризм менен күрөштүн бардык тармактарда натыйжалуу уланганын баса белгилеп: «Акыркы эки жылда ПКК террордук уюмуна каршы 224 миңи айыл жерлеринде, 10 миңден ашууну шаарларда жалпы 234 миңден ашык операцияларды жүргүздүк. Террордук операцияларда бардыгы 2354 террористти жок кылдык, ушундайча ички террористтердин саны 400гө чейин кыскарды. Өлкөбүз жана улутубуз үчүн эң чоң чыккынчылыкты кылган Фетуллахчы террористтик уюмуна (ФЕТӨ) каршы күрөшүү үчүн 17 миң операция жүргүздүк. Биз ФЕТӨнүн бюрократиясын жана иш дүйнөсүн кулатып, калганын болсо аныктаган сайын тазалап жатабыз»-деди.

Эрдоган: «Өлкөнүн ичинде же тышында, Ирактын түндүгүндө, Сириянын түндүгүндө, «Тынчтык булагы» операциясында, Идлибде, Ливияда же Азербайжан бир туугандарыбызга Армениянын учурдагы кол салууларында биз эч качан жабыркагандарды жалгыз калтырган жокпуз, жалгыз калтырбайбыз»,- деди.

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүүнүн алкагында Түркиянын ар кайсы өлкөлөргө жардам берип жатканын да эске салган Эрдоган: «Бүгүнкү күнгө чейин биз 136 мамлекеттин жана 4 эл аралык уюмдун медициналык каражаттар жагынан колдоо көрсөтүү талабын камсыздадык»,-деди.

Ливиядагы окуяларга байланыштуу да сөз сүйлөгөн Эрдоган: «Биз Триполиге коркунуч келтирген төңкөрүшчүлөрдү артка кайтардык. Акыркы окуяларды көрүп жатабыз, эч ким үмүттөнбөсүн ага да үлүш  бербейбиз», деди.

«Түркия өз чек ара коопсуздугу үчүн жүргүзүп жаткан операцияларда, өлкө ичинде кабыл алынган чечимдерде жана эл аралык келишимдерге ылайык бардык кадамдарда улуттук эгемендик укуктарын колдонууда»,-деген президент: «Биз тарыхында колониялык жана кыргындуу тактары болбогон сейрек мамлекеттердин бирибиз. Ушул сыймыктануу менен эч кимдин укугуна көз артпаган бирок өз укугун коргогон өлкө катары иштей беребиз»,-деп айтты.

Эрдоган Сирия маселесине токтолуп: «Миң жылдык кошунабыз жана бир тууганыбыз Сирия эли эркиндикти, тынчтыкты жана ишенимди алганга дейре биз ушул өлкөдө болобуз. Учурда алар Сирияда шайлоо өткөрүп жатышат. Жалган шайлоо. Ушундай дагы шайлоо болобу? Дүйнө жүзүндөгү демократия, демократия деп айткан мамлекеттер кайда?" деди.

Коргонуу чөйрөсүндөгү жетишкендиктердин уланып жатканына да көңүл бурган Эрдоган: «Биздин көп максаттуу амфибиялык чабуул коюучу кемебиз Анадолу деңизге түшүрүлдү. Андан кийин дагы бир же экөөнү сатып алууга аракет кылабыз»,-деп кошумчалады.

Эрдоган ошондой эле ушул жылдын үчүнчү чейрегинде «Turksat 5A» спутнигинин жерде өткөрүлүп алынаарын, төртүнчү чейректе космоско учурула турганын айтты.

Президент: «Биз 2022-жылы ички байланыш спутниги Türksat 6Aны космоско учурууну пландап жатабыз. Байланыш жана тейлөө модулдарын интеграциялоо иштери аяктаган Turksat 5B спутниги 2021-жылдын экинчи чейрегинде космоско учурулат»,- деди.

Президент Эрдоган Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жагдай жөнүндө да: «Биз сейсмикалык изилдөө кемелери жана бургулоочу кемелерибиз үчүн бирөөнөн уруксат сурабайбыз. Эл аралык деңиз мыйзамдары эмнени талап кылса, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги укуктарыбызга жараша кадамдарыбызды таштадык, мындан ары да ушул кадамдарыбызды таштай беребиз»,- деп баа берди.



Тектеш кабарлар