Түрк дарыгери Афганстанда мектеп салдырды

Кайрымдуу түрк дарыгер Метин Күлүнктүн Афганстандын түндүгүндөгү Жүзжан аймагында салдырган 1500 окуучу билим ала турган, 16 класстык мектеп кызматка ачылды.

1458424
Түрк дарыгери Афганстанда мектеп салдырды

Кайрымдуу түрк дарыгер Метин Күлүнктүн Афганстандын түндүгүндөгү Жүзжан аймагында салдырган 1500 окуучу билим ала турган, 16 класстык мектеп кызматка ачылды.

Мектептин ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Жүзжан губернаторунун орун басары Абдулкадир Малийе Афганстандын өнүгүшү үчүн билим берүүнүн маанилүү экенин жана ушул себептен балдардын билим алышын колдоо керектигин айтты.

Афганстанда билим берүүгө ушундай инвестиция салган Күлүнккө ыракмат айткан Малийе бул мектептин аймак калкынын билим алуу муктаждыгын камсыз кыларын белгиледи.

Куяш жардамдашуу жана өнүгүү коомунун төрагасы Нур Мухаммед Каризаде да Күлүнктүн атасы Абдуррахман Күлүнктүн атына курдурткан бул мектептин бүтүрүүчүсү болгон окуучулардын Түркияда стипендия менен билим алышы үчүн колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Бул мектепте заманбап лабораториянын жана компьютер классын түзүүнү пландашкандарын айткан Каризаде Абдуррахман Күлүнк лицейи үчүн 150 000 доллар жумшалганын баса белгиледи.

Каризаде эки кабаттуу жана 16 класстан турган мектепте 1500 окуучунун билим аларын баса белгиледи.

Мектептин ачылышы лента кыркуу менен аяктады.

 

 

 



Тектеш кабарлар