Румыниянын Анкара элчиси Түркиянын Ковид - 19 чараларын мактады

Румыниянын Анкарадагы элчиси Габриель  Каталин Шопанда түрк жергиликтүү мекемелеринин саякатчылар үчүн гигиеналык жана социалдык аралыкты түзө турган маанилүү жана процедураларын туура ишке ашыруу аракеттеринин таасир берүүчү экенин белгиледи.

1457407
Румыниянын  Анкара элчиси Түркиянын Ковид - 19 чараларын мактады

Румыниянын Анкарадагы элчиси Габриель  Каталин Шопанда түрк жергиликтүү мекемелеринин саякатчылар үчүн гигиеналык жана социалдык аралыкты тсактоодо  маанилүү жана процедураларын туура ишке ашыруу аракеттеринин таасир берүүчү экенин белгиледи.

Түркиянын туризмге карата Ковид  - 19  чаралары тууралуу Анадолу агенттигине билдирген Шопанда : «Анталия 2019 -  жылы румындар үчүн эң маанилүү туристтик жерлердин бирөөсү. Негизинен өлкөмдөн бир топ киши үчүн эс алуу пландары сөз болгондо Түркия тизменин эң башында орун алат»,- деди.

Ковид  - 19 эпидемиясынын жайылышын токтотуу үчүн көрүлгөн бардык чаралардын жетерлик экенин баса белгилеген Шопанда : «Түрк жергиликтүү мекемелеринин саякатчылар үчүн гигиеналык жана социалдык аралыкты сактоо  жана процедураларды туура ишке ашыруу аракеттери ачык жана таасир берүүчү»,- деди.

Шопанда : «Май, июнь жана июль айында румын телекөрсөтүүсүнүн кабар каналдарына бир канча жолу маек бердим. Туристтердин ишенимдүү эс алуусун максат кылган түрк мекемелери жана туристтик комплекстер тарабынан көрүлгөн чараларды жарыяладым»,- деди.



Тектеш кабарлар