INTERPOL издеген ДЕАШ террористти Сирия чек арасында кармалды

Камоого алынган шектүүнүн коопсуздук директорлугундагы тергөөсү улантылууда.

1457312
INTERPOL издеген  ДЕАШ террористти Сирия чек арасында кармалды

ДЕАШ террордук уюмдун мүчөсү экендиги билдирилген, INTERPOL (Эл аралык Полиция Уюму) тарабынан кызыл бюллетень менен изделген француз тектүү шектүү Улуттук Чалгындоо Уюму МИТ жана коопсуздуктун биргелешкен операциясында Килистин Сирия чек ара жолунда кармалды.

Сириядагы кагылышуу аймактарынан бир террористтин мыйзамсыз жолдор менен Түркияга кирери тууралуу маалымат алган коопсуздук күчтөрү Килис республикалык башкы прокурорлугунун координациясында иш баштады.

Улуттук Чалгындоо Уюму менен облустук коопсуздук директорлугунун террор менен күрөшүү филиалынын топтору Акынжы айылы -  Сирия чек ара жолунда жүргүзгөн операция менен бир кишини кармашты.

Күбөлүктөрү текшерилген шектүү кишинин Франция жараны О. Г экендиги жана INTERPOL тарабынан кызыл бюллетень менен изделгени белгиленди.

Камоого алынган шектүүнүн коопсуздук директорлугундагы тергөөсү улантылууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар