Президент Р. Т. Эрдоган : "Бир тууган Азербайжанды жалгыз калтырбайбыз"

Эрдоган Стамбулда берген маалыматта Армениянын Азербайжанга карата акыркы күндөрдөгү кол салуусу тууралуу билдирди.

1457027
Президент Р. Т. Эрдоган : "Бир тууган Азербайжанды жалгыз калтырбайбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын бир тууган Азербайжанды жалгыз калтырбай турганын айтты.

Эрдоган Стамбулда берген маалыматта Армениянын Азербайжанга карата акыркы күндөрдөгү кол салуусу тууралуу билдирди.

«Бир тууган Азербайжанды жалгыз калтырбайбыз.  Тоолуу Карабах басып алынган. Минкс үчтүгү 25 – 30  жылга жакын убакыттан бери бул ишти карабай жатат»,- деди Эрдоган.

Президент Аясофиянын ибадатка ачылышына байланыштуу да : «Өлкө тышынан келген каршы чыгуулардын эч бири бизди кызыктырбайт. Аясофиянын бул процесси биздин ички эгемендик маселебиз. Биздин ички маселебиз тууралуу эч ким кийлигише албайт»,- деди.

Ливия маселесине да токтолгон Р. Т. Эрдоган : «Ушул кезге чейин Ливияда кайсы жоопкерчиликти алган болсок мындан кийин да бул жоопкерчилигибизди ошол бойдон улантабыз. Ливиялык бир туугандарыбызды жалгыз калтырбайбыз. Биздин Ливия менен болгон карым  - катнашыбыз 500 жылдан ашуун убакыттан бери келе жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар