15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү

Чыккынчылык козголоңго бөгөт коюлган күндү Түркия 4 жылдан бери «Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү» катары белгилеп келет.

1455650
15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү
15_temmuz_yildonumu.7.jpg
15 Temmuz 4. Yıl (25).jpg
15 Temmuz 4. Yıl (19).jpg
15 Temmuz 4. Yıl (14).jpg
15 Temmuz 4. Yıl (12).jpg
15 Temmuz 4. Yıl (6).jpg
15 Temmuz 4. Yıl (4).jpg
şentop.jpg

Фетхуллахчы террордук уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракетинен бери 4 жыл өттү.

Чыккынчылык козголоңго бөгөт коюлган күндү Түркия 4 жылдан бери «Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү» катары белгилеп келет.

Түркия 15-Июль жеңишинин 4-жылында мекен жана байрак үчүн көзүн ирмебестен өлүмгө тикелей баскан шейиттерин таазим кылып эскерүүдө.

Президент Режеп Таййип Эрдоган 15-Июль программасына, Президенттик комплекстин алдында орун алган 15-Июль эстелигине гүлчамбар коюу менен баштады.

 «Бир улут, бир байрак,бир мекен жана бир мамлекетти» символдогон 4 фигура иштелип чыккан 15-Июль эстелигине полиция, аскер жана газилер менен бирге гүлчамбар койгон Эрдоган, андан соң Түркия Улуу Улуттук Жыйынында (ТУУЖ) өткөн 15-Июль шейиттерин эскерүү программасына катышты.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө 15-Июлдун жашап жаткан бул жерлерде кылымдар бою жүргүзүлгөн өмүр-өлүм күрөштөрүнүн чынжырынын эң акыркы алкагы болгонун баса белгиледи.

15-Июль түнүндө өлкөгө кол салган ФЕТӨгө мүчө чыккынчылардын ТУУЖду өзгөчө бутага алышынын кокустан тандоо болбогонуна көңүл бурган Эрдоган: «(ФЕТӨгө мүчө козголоңчулар)Эгерде күчтөрү жеткенде бул Парламентти таш үстүндө таш калбагыдай түрдө кулатуудан тантынбай тургандарына ишенип койгула. Эгерде күчтөрү жеткенде өлкөнүн Президенти жана Премьер-министри баш болгон шайланган бардык башкаруучуларды өлтүрүүдөн тартынбай тургандарына ишенип койгула»,-деп айтты.

15-Июлдун кескин түрдө катардагы эле төңкөрүш аракети болбогонун кеп кылган Эрдоган: «15-Июль, бул жерлерде жашаганыбыз, кылымдар бою жүргүзгөн өмүр-өлүм күрөшүүүлөрү чынжырынын эң акыркы алкагы болуп саналат. Артында абдан чоң эсептер болгон, ишке ашканда тарыхый сынуу жери. Өз эркиндик жана кызыкчылыктары үчүн Түркияны отко ыргытууга даяр амбицияларларга каршы 15-Июль түнүндө болгону сыяктуу керек болгон учурда улутубуз менен ийиндешип мекенибиз, демократиябыз жана көз карандысыздыгыбызды коргоону улантабыз»,-деди.

Парламенттин чатыры астында кызмат кылган ар кимди улуу жана күчтүү Түркия доосуна колдоо көрсөтүүгө чакырык салган Президент: «Келгиле шейиттерибиздин мурасын бардыгыбыз бирге коргойлу, келгиле 2023 максаттарыбызга бирге басалы. Түркияны гүлдөгөн келечекке бардыгыбыз бирге жеткирели»,-деди.

Аземде сөз сүйлөгөн Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп да, Түркияга карай эң кандуу жана мыкаачылык кол салуулардан бири болгон, улуттун чечкиндүүлүгү жана Президент Режеп Таййип Эрдогандын күчтүү лидерлиги менен жеңилген 15-Июлдагы чыккынчылык козголоң жана басып алуу аракетинин 4-жылында, улутка кастык кылган чыккынчы банда бутага алган Гази Парламентте чогулгандарына токтолду.

Бул мыкаачылык кол салуунун жеңилүүгө учуратылышы үчүн жандарын аябаган шейиттердин жаткан жери жайлуу болушун тилеген Шентоп, ошол түнү жаракат алган газилерге ден-соолук жана кайырлуу узун өмүр тиледи.

Шентоп, 15-Июль чыккынчылык төңкөрүш аракетинин негизги себебинин Түркиянын дүйнөдө сөз сүйлөөсүн мүмкүн кылган жана учурдагы глобалдык системанын адилетсиздиктерине каршы чыга турган күчкө айланышынан келип чыкканын белгилеп, «Экономикада, коргонуу өнөр жайында, көз карандысыз энергияга жетүү аракеттеринде, билим берүүдө, саламаттык-сактоодо, тышкы саясатта жана дагы бир топ тармакта Түркиянын барган сайын күчтөнүүсү 15-Июль төңкөрүш аракетинин негизги себептери болуп саналат. 27-майдан 15-июлга чейин бардык төңкөрүштөрдүн көздөгөнү жана негизги кыймыл булагы Түркиянын күчкө айланып алдыга чыгышына, көз карандысыз саясаттарды өнүктүрүүсүнө, глобалдык бөлүшүүнүн инструменти болуудан чыгып негизги актерлордон бири болуусуна тоскоол болуу болуп саналат»,-деди.

Президенттик комплексинде шейит үй-бүлөлөрү менен жолуга турган Эрдоган, 15-Июль Улутка кайрылуу сөзүн сүйлөйт.

«15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнүнүн» алкагында быйыл өлкө ичинде министрликтер жана мамлекеттик мекемелер 1609, университеттер 521, жарандык коомдук уюмдар 108 болуп жалпы 2238 программа ишке ашырылат. Чет өлкөлөрдө болсо 752 иш-чара уюштурулат.



Тектеш кабарлар