Сирияга карата жардамдар үзгүлтүксүз улантылат

Түркия Сирияга карата жардамдарын үзгүлтүксүз улантуу үчүн аракет кыларын билдирди.

1454031
Сирияга карата жардамдар үзгүлтүксүз улантылат

 Түркия Сирияга карата жардамдарын үзгүлтүксүз улантуу үчүн аракет кыларын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Россиянын Түркия аркылуу Сирияга гуманитардык жардам жиберилишин 2 жолу вето кылышынан кийин Жилвегөзү чек ара капкасынан жардамдардын 1 жыл улантылышы тууралуу келишим түзүлгөнү эске салынды. «Бир тараптан механизмдин маанилүү бир элементин түзгөн Өнжүпынар  - Бабүсселаме чек ара өткөөлүнө бул жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине орун берилбеши бактысыз кыймыл»,- деп билдирилген маалыматта бул чек ара өткөөлүнүн механизмден чыгарылышынын Халеп аймагындагы 1, 3 миллионго жакын жаранга жетүүнү кыйындатары жана Түркия моюнга алган жоопкерчиликти дагы да арттырары белгиленди.

Билдирүүдө булар белгиленди : «Ушунун негизинде Түркия Сирияга карата эл аралык гуманитардык жардамдарын үзгүлтүксүз улантышы үчүн аракет кылууда чыгарылган жардам механизминдеги өзгөрүүлөр жол ача турган кошумча чектөөлөр менен күрөшүү үчүн БУУ жана анын көмөкчү уюмдарынын өзгөчө бардык кызыкдар тараптар менен кызматташуу ичинде аракет кылат».



Тектеш кабарлар