Түркия террорго каршы чечкиндүү күрөшүүдө

Улуттук коргоо министрлиги жана Ички иштер министрлиги террор менен күрөшүү тууралуу маалыматтарын бөлүшүүдө.

1453668
Түркия террорго каршы чечкиндүү күрөшүүдө

Ирактын түндүгүндөгү Хафтанин районунда «Чеңгел-Жолборс» операциясынын алкагында жикчил террордук уюм ПККнын эки террористи жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (RSD) билдирүүсүндө  «Чеңгел-Жолборс» операциясынын чечкиндүү жүргүзүлгөнү айтылды.

Билдирүүсүндө, ««Чеңгел-Жолборс» операциясынын натыйжасында Ирактын Хафтанин районунун түндүк бөлүгүндө белгиленген 2 ПКК террористи жүргүзүлгөн аба операциясы менен жок кылынды. Террордук уюмдун бардык уюктары жок кылынат»,делди.

Экинчи жагынан, Шырнак полициясынын көндүрүү иштеринин натыйжасында, ПККнын бир аял террористи Мардиндин Нусайбин районундагы Сириянын чек арасында коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

M. B. үй-бүлөсү менен жолугушканда, журналисттерге 2015-жылы үй-бүлөлүк себептер менен бул уюмга кошулганын жана бул процесстин учурунда Ирактын түндүк бөлүгүндө террордук уюм ЙПГ / ПКК жана ЙПЖнын аялдар филиалында активдүү болгонун айтты.

Жакында уюмдан качып кетип, багынып бергендердин үй-бүлөлөрүнө жетүүсүнөн таасирленгендигин айтып, «Мен бул уюмга киргениме өкүнүп калдым. Үй-бүлөмө жолукканыма кубанычтамын»,- деди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Эрзурумдун Шенкая районунда уюмдун 3 мүчөсү аныкталганы боюнча кечээ операция башталгандыгы, кагылышууда бир террористтин жок кылынганы маалымдалды.

Билдирүүдө, «Учурда уланып жаткан операцияда камалган 2 террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди. 3 адамдан турган террористтик топтун Кара деңиз аймагына кирүүгө аракет кылгандыгы аныкталды жана бул операция менен ага бөгөт коюлду»,делди.

Бул арада Улуттук коргоо министрлигинин дагы бир билдирүүсүндө, Сириянын Тель-Абяд шаарындагы дүкөндүн алдына коюлган уюлдук телефон тарабынан даярдалган алыстан башкарылуучу жарылуучу түзүлүш (EYP), Кол менен жасалган жардыргыч заттарды табуу жана жок кылуу тобу (METI) тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар