Калын: «Аясофия боюнча чечимди дүйнөлүк мурас жок болот деп сындагандар туура кылбай жатышат»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Аясофия мечитинин сыйынууга ачылуусун ВВС жана TRT World телеканалдарына баяндап берди.

1453428
Калын: «Аясофия боюнча чечимди дүйнөлүк мурас жок болот деп сындагандар туура кылбай жатышат»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Аясофиянын ибадетке ачылуусу боюнча чечимди дүйнөлүк мурас жок боло турганы түрүндө сындагандардын туура эмес кылып жаткандыктарын баса белгиледи.

Ибрахим Калын, Аясофия мечитинин сыйынууга ачылуусун ВВС жана TRT World телеканалдарына баяндап берди.

Аясофиядагы иконаларга мусулман, христиан, буддист, дин айырмачылыгы кылынбастан ар ким жете ала турганын белгилеген Калын, Аясофия мечитинин ибадетке ачылуусу боюнча чечиминде оппозиция менен катар коомчулуктун кеңири катмары бирдей пикирде болгонун айтты.

Калын, бул чечимди дүйнөлүк мурастын жок боло турганы түрүндө сынга алгандардын туура эмес кылып жаткандарын баса белгилеп, диний эркиндик темасында болсо Түркияда 400дөн ашуун чиркөө жана синагоганын ачык экендигин эске салды.

Чечимдин Стамбулдагы мечит саны менен эмес, Аясофиянын тарыхы жана диний маанисине байланыштуу болгонун белгилеген Калын: «Мусулман, христиан, ишенген,ишенбеген ар ким зыярат кыла алат, эч кимге чектөө жасалбайт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар