Эрдоган:«Аясофиянын кайрадан ибадатка ачылуусу Түркиянын ички маселеси»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Kriter журналына күн тартип туурауу маалымат берди.

1453656
Эрдоган:«Аясофиянын кайрадан ибадатка ачылуусу Түркиянын ички маселеси»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Аясофиянын кайрадан мечит катары ибадатка ачылуусунун Түркиянын ички маселеси экенин айтты.

Kriter журналына күн тартип туурауу маалымат берген президент Эрдоган, Аясофиянын Фатих Султан Мехмет Хандын Стамбулду багындырганда алгачкы жума намазын окуган жана багындыруунун символу катары мечитке айландырган жер болгонун, ушул себептен коомчулуктун аң-сезиминдеги ордунун баш тартылгыс экенин белгиледи.

1934-жылы Аясофиянын музейге айландырылышынын улуттун ичин ачыштырган чечим болгонун кеп кылган Эрдоган: «Аясофиянын кайрадан мурдагы өзгөчөлүгүнө жеткирилиши керек эле. Мамлекеттик кеңеш, кайрылуунун натыйжасында акыркы чечимин чыгарды. Аясофиянын статусу тууралуу акыркы чечимди чыгара турган башкалары эмес, түрк улуту болуп саналат. Бул биздин ички маселебиз. Берки өлкөлөргө болсо, жалгыз чыгарылган чечимди урматтоо калат»,-деп айтты.

Ливиядагы саясий кризиске да токтолгон Эрдоган, козголоңчу Хафтер жана анын колдоочуларынын басып алуу планынын ишке жарабаганын айтты.

Түркия менен Ливиянын ортосунда түзүлгөн меморандумду эске салган Эрдоган, ушул алкакта Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укук жана кызыкчылыктарынын кепилдикке алынганын, ошол эле учурда ливиялык туугандарына колдоо көрсөтүлгөнүн түшүндүрдү.

Ливиянын тез арада ырааттуулукка жетишинин бир гана Ливия калкынын эмес, бүтүндөй аймактын пайдасына чечилгенин баса белгилеген Эрдоган: «Бул өлкөнүн саясий жана экономикалык жактан күчтөнүүсү Түндүк Африканы дагы, Европаны дагы жеңилдетет. Эл аралык коомчулук мыйзамдуу өкмөттү колдоп, эми тандоосун жасашы керек. Согуш кылмыштарын кылган козголоңчуларды токтотуулары зарыл. Ливияда кан көлдөткөн легионерлер тезинен бул өлкөдөн чыгартылышы керек. Терхуне жана бир топ шаарда табылган массалык мүрзөлөр боюнча козголоңчулар сөзсүз жоопко тартылышы керек»,-деп айтты.           



Тектеш кабарлар