Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Бир суткада ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 334 киши менен бирге вирусту жеңгендердин жалпы саны 193 миң 217ге жогорулады.

1453387
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 21 киши көз жумуп, илдеттен каза болгондордун жалпы саны 5 миң 344кө жетти.

Ошол эле убакыттын ичинде  48 миң 813  тест жасалып, 1 миң 16 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 334 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 193 миң 217ге жогорулады.



Тектеш кабарлар