Президент Эрдоган Бегендик көпүрөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Ван-Татван-Битлис жана Сиирт-Мардин-Батман багыттарын бириктирген көпүрө курулуп бүттү.

1453356
Президент Эрдоган Бегендик көпүрөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын чек араларын курчоого аракет кылган террордук уюмдарды жок кылып эле тим болбостон, кургактыкта ​​жана деңизде өтө терең коопсуздук линиясын түзгөндөрүн айтты.

Сиирттин Первари районундагы Бегендик жергесинде курулушу 2014-жылы башталган Ван-Татван-Битлис жана Сиирт-Мардин-Батман багыттарын бириктирген көпүрө курулуп бүттү.

Президент Эрдоган Ботан дарыясындагы Бегендик көпүрөсүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

Сөз сүйлөөсүндө терроризм менен күрөшүү темасына токтолгон Эрдоган: «Биздин чек арабызды курчоого аракет кылган террористтик уюмдарды жок кылып эле тим болбостон, биз кургактыкта ​​жана деңизде өтө терең коопсуздук линиясын түздүк. Бул мезгилде террордук уюмдар дагы, башка тузактар ​​дагы ишке жарабайт»,-деди.

Президент Эрдоган Аясофиянын ибадатка ачылганына байланыштуу болсо: «Биз кимдин эмне деп айтканын эмес, өзүбүздүн укугубуз эмне экендигин жана улутубуз эмнени каалагандыгын карап кчыгып ушундай чечимге келдик»,-деди.



Тектеш кабарлар