Клюге:«Түркия Ковид-19 менен күрөшүүдө абдан маанилүү жолду басып өттү»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) Европа аймактык директору Ханс Клюге менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1452292
Клюге:«Түркия Ковид-19 менен күрөшүүдө абдан маанилүү жолду басып өттү»

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) Европа аймактык директору Ханс Клюгени кабыл алды.

ДСУнун Европа аймактык директору Клюге, Түркия сапарынын алкагында эң оболу саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолукту.

Кожа, Клюге менен жолугушуудан кийин, «Биз Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун Стамбул шаарында гуманитардык жана саламаттык сактоо боюнча өзгөчө кырдаалдарга даярдануу кеңсесин ишке киргизип жатабыз. ДСУ жагынан өзгөчө позицияга ээ болгон кеңсе Ковид-19 алкагындагы учурдагы муктаждыктарды канааттандыруу үчүн өз ишин жетектейт»,-деп айтты.

Клюге жасаган билдирүүсүндө, «Мен Ковид-19га каршы биргелешкендиги үчүн түрк элине жана бийликтерине терең ыраазычылыгымды жана урматтоомду билдирем»,- деди.

Ковид-19 менен күрөшүүдө Түркиянын абдан маанилүү бурулушту басып өткөнүн белгилеген Клюге: «Жуктургандардын жүгү жана өлүмдүн көрсөткүчү 75 пайызга кыскарды»,- деди.



Тектеш кабарлар