Аясофияда ибадаттын жолу ачылды
Мамлекеттик Кеңеш 10-палата чечимин чыгарды.
1452829
Мамлекеттик кеңештин 10-палатасы, Аясофиянын мечиттен музейге айлантылышы жөнүндөгү Министрлер кеңешинин 1934-жылдын 24-ноябрындагы чечимин жокко чыгарды.
Үзгүлтүксүз фонддордун тарыхый жайларга жана айлана-чөйрөнү тейлөөчү ассоциациясы, Министрлер кеңешинин Аясофияны мечиттен музейге айлантуу чечимин жокко чыгаруу талабы менен Мамлекеттик кеңешке доо арыз менен кайрылды.
Доону соттук териштирүү менен иликтеген Мамлекеттик кеңеш 2-июлдагы сотто тараптарды укту.
Сот ишинен кийин кеңири карап чыккан Мамлекеттик Кеңеш 10-палата чечимин чыгарды.
Палата Аясофиянын мечиттен музейге айлантылышы жөнүндөгү Министрлер кеңешинин 1934-жылдын 24-ноябрындагы чечимин жокко чыгарды.