Президент Эрдоган Сребреница кыргынын эскерүү программасына видео билдирүү жөнөттү
Сребреница кыргынынын 25 жылдыгына байланыштуу эскерүү программасы өткөрүлөт.
Президент Эрдоган Сребреница кыргынын эскерүү программасына видео билдирүү жөнөттү
Президент Режеп Таййип Эрдоган 11-июлда Сребреница кыргынынын 25 жылдыгына байланыштуу Босния-Герцеговинада боло турган эскерүү программасына видео билдирүү аркылуу катышат.
Түркиянын Сараеводогу элчиси Халдун Коч, 1995-жылдын июлунда 8 миңден ашуун босниялык жарандын серб аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн Сребреница геноцидинин быйылкы эскерүү программасы коронавирустан улам чектелүү адамдын катышуусунда өтө турганын билдирди.
Президент Эрдогандын өткөн жылы Босния-Герцеговинага жасаган сапары учурунда, геноцид курмандыктарын Сараеводон Поточари шаарына жөнөтүү программасына катышканын эске салган Коч: «Быйыл болсо президент Эрдоган видео билдирүүсүн жөнөттү. Биз анын билдирүүсүн 11-июлда Поточари мемориалдык борборунда көрөбүз»,- деди.
Ошондой эле ал Сребреницада болгон адамзаттык трагедиянын унутулбашы жана окуялардан сабак алынышы керектигин баса белгиледи.