Чавушоглу Англияда Жонсон менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жолугушууларынан кийин журналисттерге маалымат берди.

1451867
Чавушоглу Англияда Жонсон менен жолукту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Англиядагы жолугушууларынын алкагында жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) боюнча дарыланган Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун ал жайын суроо жолугушуусун өткөрдү.

Жолугушууларынан кийин журналисттерге маалымат берген Чавушоглу: «(Жонсонду) Өзүн дени сак көрдүк, жакшы экенин көрдүк жана Президентибиздин саламын билдирдик. Ошондой эле түрдө Жонсонго Президентибиздин Түркияга чакыруусун кайталадык жана жаңы төрөлгөн ымыркайы үчүн куттуктадык»,-деди.

Чавушоглу Англиядагы жолугушууларынын алкагында эң оболу Улуу Британия Парламентинин Түркия  тобунун төрагасы Жеффри Дональдсон, андан соң кесиптеши Доминик Рааб менен жолугушканын айтты.

Министр Чавушоглу, жолугушууларында Ковид-19 менен күрөшүү, саламаттык сактоо тармагында кызматташтык, эркин соода келишими боюнча сүйлөшүүлөр, экономикалык карым-катнаштар, Brexit, (Англиянын Европа Биримдигинен чыгуусу) бүткөндөн кийин карым-катнаштардын кайсы тармактарда өнүктүрүлө турганын карагандарын айтты.

Туризм, саламаттык сактоо туризми, коргонуу өнөр жайында кызматташтык темаларына дагы баа бергендерин айткан Чавушоглу: «Экинчи жагынан Ливияны, Сирияны, берки аймактык темаларды, НАТО маселесин да бирге кароо мүмкүнчүлүгүбүз болду»,-деди.

Чавушоглу, саясий чечүүчү жол жана Ливиянын биримдиги, жеринин бүтүндүгү темасында Бириккен Улуттар Уюму менен Түркиянын ортосунда пикир айырмачылыгы болбогонун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар