Ибрахим Калын: «Мыйзамдуу Триполи өкмөтүн колдообуз улантылат»

Ибрахим Калын, Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди.

1451502
Ибрахим Калын: «Мыйзамдуу Триполи өкмөтүн колдообуз улантылат»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Түркиянын Ливияда мыйзамдуу Триполи өкмөтүнө колдоосунун мындан ары да улана бере турганын белгилеп кетти.

Ибрахим Калын, Анадолу агенттигине күн тартип тууралуу маалымат берди.

Түркиянын Ливияда мыйзамдуу өкмөттүн суранычы боюнча өткөн декабрь айында Ливия менен аскердик кызматташтык жана коопсуздук келишимине кол койгондорун эске салган Калын: «Бул кедишимдин алкагында БУУнун да тааныган мыйзамдуу өкмөткө колдоо көрсөтүүдөбүз. Ал жерде Түркиянын кийлигишүүсү менен жаңжалга тең салмактуулук алып барганын эми ар ким билет. Эгерде президентибиздин бул көрөгөчтүгү болбогондо Ливияда кагылышуулар аябай тереңдешип, дагы көп адам каза болмок жана Ливиянын бөлүнүүсү балким турган иш болуп калмак»,-деди.

Сарраж өкмөтүнүн тынчтыкчыл чечүүчү жолдорун сынаганын белгилеген Калын, буга карабастан козголоңчу Хафтер тарабынын 2019-жылдын апрель айында түзүлгөн «Абу-Даби» келишиминен бери, мындайча айтканда орто эсеп менен 1,5 жылдан бери бардык келишимдерди, ок атышпоо жарыяларын, тынчтык сүйлөшүүлөрүн бузганын белгиледи.

Ливияда болгон ок атпоо чакырыгына токтолгон Калын: «Триполи өкмөтү принцип жагынан бул ок атпоо чакыруусуна каршы эмес, бирок ок атпоонун туруктуу кылынышы үчүн белгилүү шарттары бар. Булардан бирөө ар кимдин 2015-жылы кол коюлган «Сахират» келишиминдеги позицияларына артка кайтуусу. Буга ылайык Хафтер күчтөрүнүн Сирте жана Жуфрадан чегиниши керек»,-деп айтты.

Ибрахим Калын, Түркиянын мыйзамдуу Триполи өкмөтүнө колдоосу акырына чейин улана турганын белгиледи.

Жарыяда Греция тарабынан Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги эреже бузууларга да токтолгон Калын: «Түркияны жок деп эсептеп Чыгыш Жер Ортолук деңизде энергия картасы жана саясий ырааттуулукту түзүү мүмкүн эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар