«25 жылдан кийин Сребреница»

«25 жылдан кийин Сребреница»: ТРТ WORLD форуму Сребреница геноцидин карап жатат.

1450785
«25 жылдан кийин Сребреница»

«25 жылдан кийин Сребреница»: ТРТ WORLD форуму Сребреница геноцидин карап жатат

ТРТ WORLD форуму өткөргөн «Санариптик талкуулар» программасы Сребреница геноцидинин 25 -  жылында  атайын коноктордун катышуусу менен  бир жумага созулган отурумдарды өткөрөт. Бул отурумдарда 8000ден ашуун бошняк жараны геноцидге учураган Сребреница геноциди; адам укуктары, согуштук кылмыштар жана «Коргоо жоопкерчилиги» принцибинин негизинде  каралат.

ТРТ WORLD форуму тарабынан өткөрүлө турган Санариптик талкуулар программасынын биринчиси бүгүн (7 -  июлда, шейшемби) «25 -  жылдан кийин Сребреница:  геноцидди тануу» деген темада саат 20:00дө ТРТ WORLD форум Youtube, твиттер жана фейсбук  эсептеринен түз эфирден берилет.

Сребреница мемориалдык фондунун  төрагасы доктор Вакар Азми сөз сүйлөй турган отурумда макулдашууга тоскоол болгон себептер, геноцидди тангандардын стратегиялары, Серб республикасынан бөлүнүү чакырууларынын макулдашууга берген таасири сыяктуу темалар каралат.

Жуманын ичинде өткөрүлө турган башка отурумдар :

8 -  июль шаршемби күнү саат 20: 00

«Мурунку Югославия жазык соту жана согуштук кылмышкерлерди куугунтуктоо», Невенка Тромп Вркич, Амстердам университетинин окутуучусу

 9 -  июль бейшемби саат 19:00

«БУУнун Сребреницаны коргоо жоопкерчилиги», Эл аралык сот палатасынын негиздөөчү өнөктөшү жана президенти Тоби Кадман

10 -  июль жума саат 20:00

«Сребреницада эл аралык адилеттик кандайча ийгиликсиз болду?»,  Сер Жеффри Ницс -  мурунку Югославияда иштелген кылмыштар үчүн курулган Эл аралык жазык сотунда соттолгон Югославиянын мурунку президенти Слободан Милошевичтин сот ишинде башкы прокурор.

11 – июль ишемби саат 20:00

«Босния согушу жана Сребреница геноцидинин адамзаттык масштабы», Кэтрин Бомбергер, Эл аралык дайынсыз жоголгон адамдар комиссиясынын башкы директору

Катышуучулар ТРТ WORLD форумун соцтармактардан көрө алышат;

Youtube: @trtworldforum

Facebook: @trtworldforum

Twitter: @trtworldforum

Сребреницада эмне болгон?

1995-жылы 11-июль күнү Ратко Младичтин буйругу менен серб аскерлери өлкөнүн чыгыш тарабындагы Сребреница шаарын басып алышы менен бошняк жарандар БУУнун алдындагы нидерландиялык аскерлерге баш калкалаган. Андан кийин сербдерге тапшырылган.

Аялдар менен балдардын бошняк аскерлеринин көзөмөлүндөгү аймакка барышына уруксат берген сербдер эң аз 8 372  бошняк жаранын токой аянттарында, завод  - фабрикаларда жана кампаларда канкорлорчо өлтүрдү жана топ түрүндө көмүштү.

Согуштан кийин жоголгондорду табуу үчүн баштатылган иштерде кишилер топ түрүндө көмүлгөн мазарлардан табылган сөөктөр аныкталгандан кийин жыл сайын 11 -  июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүндө жерге берилүүдө.



Тектеш кабарлар