Чавушоглу-Боррелл жолугушуусу

Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Хосеп Боррелл Фонтеллес менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1450094
Чавушоглу-Боррелл жолугушуусу

 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Европа Биримдиги (ЕБ) Түркияга каршы кошумча чечимдерди кабыл алса, анда ага жооп берүүгө аргасыз болорун айтты.

Чавушоглу Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелл Фонтеллес менен жолугушкандан кийин биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

Чавушоглу, бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, ЕБ Түркияга карата саясий мамиле кылбоосу керек экендигин белгилеп, «Эгерде биз техникалык жана саясий маселелерди жакшы ажырата алсак, биз көптөгөн маселелерди чечебиз". деди.

Түркияга берилген убадаларын аткарылуусун каалаган Чавушоглу: «ЕБи көп жактыра бербейт, бирок визаны либералдаштыруу ЕБнин убадасы. Ошондой эле сизге жакпаса дагы өз убадаңызды аткарышыңыз керек. ЕБ (Түркияга каршы) кошумча чечимдер кабыл алса, ага жооп  кайтарууга туура келет. Бул чечим табууга жардам бербейт»,-деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын ЕБ менен түзүлгөн иммиграциялык келишимдеги милдеттенмелерин аткаргандыгын эске салып, орток көйгөйлөр үчүн биргелешкен аракет болушу керектигин, бардыгын Түркиядан күтүү маселени чечпей тереңдете  тургандыгын айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде жана Кипрде акыйкаттыкты күтө тургандарын айткан Чавушоглу, ЕБнин көйгөйдүн тарабы болбостон, чечүүчү тарап болушун күтө тургандарын айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги энергия булактары үчүн Европа Бирлигинин ортомчулугун колдой тургандыктарын билдирген Чавушоглу: «Биз үчүн чынчыл ортомчу болсо жетиштүү»,- деп сүйлөдү.

Ливия маселесине токтолгон Чавушоглу, Франциянын мыйзамдуу эмес Халифа Хафтерди колдогондугун жана ар тараптуу колдоо көрсөткөнүн айтты.

«Азыр аянтта жеңилген соң ызаланып анын ачуусун Түркиянын чыгарууга аракет кылып жатат. Эң акыркы жолу Чыгыш Жер Ортолук деңизинде тийишти деген дооматтар коюлду. Биз бул чындыкка дал келбегенин далилдедик. НАТО дагы мындай далилдер жок деди. НАТО менен ЕБ айта албай жатат, бирок биз ачык айта алабыз. Франция чынчылдык менен иш кылган жок. Чынчыл эместигин  далилдедик. Франциянын Түркиягадан кечирим сурашы керек болгону ачык. ЕБ жана НАТОдон да ошондой эле аларды жаңылткандыгы үчүн кечирим сурашы керек»,-деди ал.

Европа Бирлигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Боррел өз сөзүндө: «Түркия менен дагы көбүрөөк кызматташууга муктаждыгыбыз бар. Түркия менен мамилебиз тышкы саясат жагынан Европа Биримдинин эң маанилүү маселесине айланды»,-деди.



Тектеш кабарлар