Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Гүлер Ливияда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Түрк деңиз флотунун француз аскердик кемесине кол салды» деген сөздөрдүн толугу менен чындык тышы экенин белгиледи.

1448945
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Гүлер Ливияда

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Түрк деңиз флотунун француз аскердик кемесине кол салды» деген сөздөрдүн толугу менен чындык тышы экенин белгиледи.

Акар коштоосундагы армиянын генералы Гүлер менен Коопсуздук жана аскердик кызматташтык  меморандумунун негизинде аткарылган иштерди ордунда иликтөө үчүн Ливиянын борбор шаары Триполиге барып, жолугушууларын улантууда.

Ливиядагы түрк аскерлери менен жолугушкан Акар Түркия менен Ливиянын ортосунда 500 жылга барган орток тарых, маданият, аң – сезим жана ишеничтин бар экенин белгилеп : «Бул жерде олуттуу кыйынчылык, адилетсиздик бар эле, биз да бул жерде аталарыбызга жараша тургандай аткара турган эмне бар болсо, эл аралык мыйзам, адилеттик эмнени керек кылса аны аткаруу үчүн бул жердебиз жана болууну улантабыз. Ливиялык бир туугандарыбыз менен биргебиз. Мындан эч ким шектенбесин, мындан да баш тартуубуз сөз болбойт»,- деди.

Министр Акар жана армиянын генералы Гүлер андан кийин Борбордук Жер Ортолук деңизде кызмат кылган түрк деңиз күчтөрүнүн кемеси «ТЖГ Гиресунга» барды. Бул жерде түрк деңиз флотунун француз аскердик кемесине кол салды деген ырастоолорго токтолгон Акар мунун толугу менен чындык тышы экенин белгиледи.

Акар : «Бул бардык окуялардан кийин жасалган аскердик болбогон толугу менен саясий эсептердин артында курулган тузактар, ошондуктан Франциянын Түркиядан кечирим суроого мажбур экенин айтып жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар