Сакариядагы фейерверк заводунда жарылуу болду
Сакариянын Хендек районундагы фейерверк заводунда болгон жарылуда 2 киши каза болуп, 74 киши жараланды.
1448493
Сакариянын Хендек районундагы фейерверк заводунда болгон жарылууда 4 киши каза болуп, 97 киши жараланды.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа жарылуу тууралуу : "Азыркы учурда каза болгон 4 жараныбыз болду. Ооруканаларыбызга 97 жаралуу жаткырылды",- деди.
Алынган маалыматка караганда Хендек Йукарычалыжа аймагындагы бир фейерверк заводунда себеби азырынча белгисиз жарылуу болду. Жарылуудан кийин аймакка көп сандаган медицина кызматкери менен өрт өчүргүч тобу жиберилди.