Түркия SEECP төрагалыгын жүргүзөт

Кезектеги төрагалык кызматындагы артыкчылыктуу багыттар кайсылар?

1446914
Түркия SEECP төрагалыгын жүргүзөт

Түркия, Түштүк Чыгыш Европа кызматташтык процессинин (SEECP) 2020-жылдан 2021-жылга чейинки кезектеги төрагалык кызматын өткөрүп алды.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1998-1999-жылдар аралыгында жана 2009-2010-жылдарда SEECPнын кезектеги төрагалык кызматын жүргүзгөн Түркиянын бүгүндөн тарта бул милдетти үчүнчү жолу өткөрүп алаары белгиленди.

Билдирүүдө 1996-жылы түзүлгөн SEECPнын Түштүк Чыгыш Европанын бардык 13 өлкөсүн камтыган эң кеңири аймактык кызматташтык форуму экендиги баса белгиленип: «Биздин өлкө SEECP төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын, аймак өлкөлөрүнүн күн тартибиндеги Ковид-19га каршы күрөш менен бирге дүйнөлүк жана аймактык маселелерге негиздеген иш-аракеттерин SEECPнын негизги принциптери болгон «аймактык менчик» жана «инклюзивдүүлүктүн» алкагында жүргүзөт», делди.



Тектеш кабарлар