Түркия-Россия-Иран Үч тараптуу видеоконференция самити өттү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани катышкан Астана форматындагы Түркия-Россия-Иран үч тараптуу саммити видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлдү.

1447110
Түркия-Россия-Иран Үч тараптуу видеоконференция самити өттү
ASTANA 1.jpg
erdogan uclu zirve.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Коңшубуз Сириянын тез арада тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка жетишиши үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз»,- деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Россиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Рухани катышкан Астана форматындагы Түркия-Россия-Иран үч тараптуу саммити видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлдү.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Түркия катары жаңжал башталгандан бери Сириядагы туугандарыбыздын жанында турабыз. Этникалык өзгөчөлүгү, теги, динине карабастан миллиондогон сириялык качкындарды кабыл алдык»,- деп айтты.

Сириянын террордук уюмдар тарабынан бөлүнүшүнө жол бербөө үчүн өтө сезимтал экендиктерин билдирген президент Эрдоган: «Биз зарыл болгон учурларда иш-аракеттерди жасап, адамзат трагедиясынын жана бөлүп-жаруучу амбициялардын алдын алдык. Коңшубуз Сириянын мүмкүн болушунча тез арада тынчтыкка, коопсуздукка жана ырааттуулукка жетиши үчүн болгон аракетибизди жумшай беребиз. Астана кепилдери катары кызматташуубуз сөзсүз түрдө бул өлкөнүн келечегин аныктайт».

Андан соң Түркия-Россия-Иран Үч тараптуу видеоконференция самити өттү.

Саммиттен кийин мамлекет башчылар тарабынан биргелеше билдирүү жасалды.

Билдирүүгө караганда саммитте мамлекет башчылар Сирияда аянттагы учурдагы кырдаалды талкуулашты, үчтүк координацияны арттыруу жөнүндөгү чечкиндүүлүктөрүн кайталашты.

Лидерлер коңшу өлкөнүн улуттук коопсуздугуна зыян келтире турган бөлүүчү күн тартипке каршы туруу чечкиндүүлүктөрүн айтышты.

Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы абал дагы каралып чыккан саммитте Идлибге байланыштуу келишимдердин ишке ашырылып аянттагы тынчтыкты камсыздоонун керектүүлүгү баса белгиленди.

Сириядагы жаңжалдын сириялыктардын жол башчылыгында, БУУнун жеңилдетүүсү аркылуу саясий процесс менен соңуна чыгарыла турганы жөнүндө ишенич тастыкталды.

Үч лидер качкындардын жана Сирияда жеринен ажырагандардын коопсуз жана ыктыярдуу түрдө кайтууларынын жеңилдетилишин жана элдеринин корголушунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Орток экономикалык кызматташууну күчтөндүрүү үчүн ар башка тармактардагы үчтүк координацияны күчтөндүрүү ниетин дагы тастыктаган лидерлер, андан кийинки Үч тараптуу саммитти Ирандын президенти Руханинин чакыруусу боюнча эң кыска мөөнөттө бул өлкөдө өткөрүүгө чечим чыгарышты.



Тектеш кабарлар