Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Европа Биримдиги убадасын аткарышы керектигин айтты

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Шиярто тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушкандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

1446430
Венгриянын тышкы иштер жана соода министри  Европа Биримдиги убадасын аткарышы керектигин айтты

 Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Шиярто Европа Биримдигинин Түркияга  качкындар тууралуу  берген убадасын аткарышы керектигин айтты.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Анкарага келген Шиярто тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушкандан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Венгриянын тышкы иштер министри Европа Биримдигинин Түркияга качкындар үчүн 6 миллиард евро убадасын бергенин эске салып : «Европа Биримдиги 4,7 миллиард евро бергенин айтып жатат бирок түрк кесиптештер антип ойлошпойт. Бул маселе эртерээк чечилиши керек. Европа Биримдигинин төлөмдү төлөп же керек болсо жаңы келишим түзүлүшү керектигин айтып жатабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар