АКШдагы "Ататүрк" айкелине кол салгандарга каршылык көрсөтүлдү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин алдына орнотулган "Ататүрк" эстелигине илинген чүпүрөк  тууралуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

1445765
АКШдагы "Ататүрк" айкелине кол салгандарга каршылык көрсөтүлдү

Түркия Вашингтондогу элчилик резиденциясынын алдындагы "Ататүрк" айкелине жасалган кол салууларга каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын Вашингтондогу элчилигинин алдына орнотулган "Ататүрк" эстелигине илинген чүпүрөк  тууралуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Кол салууну айыптаган Аксой: «Дүйнөлүк тарыхта өзгөчө орунду ээлеген Республикабыздын негиздөөчүсү улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн жаркын элесине жана даңазалуу тарыхыбызга ушул сыяктуу ыплас аракеттери менен көлөкө түшүрө албай тургандыгы анык. Бул кемсинтүүчү аракеттердин күнөөкөрлөрү туурасында териштирүү башталышы үчүн Вашингтондогу элчилигибиз Америка бийлигинин тийиштүү органдарына кайрылуу жасады»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар