Түркия ПККнын жактоочуларынын митинг өткөрүүсүнө каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Венада бир нече күн катары менен «Террордук уюм ПКК жана анын жактоочулары тарабынан өткөрүлгөн демонстрациялар терроризмге каршы күрөштү урматтабоонун жаңы белгиси болду» делди.

1445459
Түркия ПККнын жактоочуларынын митинг өткөрүүсүнө каршылык көрсөттү

Түркия, Австрияда жикчил террордук уюм ПККны  жактагандар тарабынан митинг өткөрүлүшүнө каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Австриянын борбору Венада бир нече күн катары менен «Террордук уюм ПКК жана анын жактоочулары тарабынан өткөрүлгөн демонстрациялар терроризмге каршы күрөштү урматтабоонун жаңы белгиси болду»,делди.

Билдирүүдө Түркиянын террордук уюмга каршы ийгиликтүү жүргүзгөн операциялары баса белгиленип, Австрия полициясынын кийлигишүүсүнөн айрым түрктөр жаракат алганы жана түрктөргө таандык айрым ишканаларга келтирген зыяны сынга алынды.

Билдирүүдө, Түркиянын ичинде жана чек аранын тышындагы жерлерде уюмга каршы жүргүзүлүп жаткан операцияларда олуттуу натыйжалар алынганына орун берилип, «Демонстрациялар аркылуу террордук уюм ПККнын пропагандасына уруксат берилиши, террордук уюмдардын символдору колдонулушу жана өлкөбүздүн бутага алынышы эч качан кечирилбейт. Түркиянын чек аралары жана чек араларынын тышында чечкиндүү күрөш аркылуу жетишилген конкреттүү натыйжалардын мааниси бул көрүнүштөн улам жакшы түшүнүктүү болду. Ийгиликтүү операциялардын натыйжасында өлүмгө дуушар болгон террордук уюм ПККны колдоо аракеттери эч нерсеге арзыбайт ”деди.

Европа Биримдиги террордук уюм катары тааныган ПКК менен күрөшүүгө Австриянын бийликтерин чакырган билдирүүсүндө, ошондой эле популисттик саясат үчүн материал жасабоо суралды.



Тектеш кабарлар