Греция 1-июлда Түркия менен чек арасын ачат

14 чек ара бекетинен 7си ачылат.

1445632
Греция 1-июлда Түркия менен чек арасын ачат

Греция 1-июлда Түркия менен чек ара бекеттерин ачаарын жарыялады.

Греция коронавирус пандемиясынан улам жапкан 14 чек ара бекетинен 7син 1-июлдан тарта ачат.

Ачылган чек ара өткөрмө бекеттеринин арасында Түркия-Греция чек арасынын да болгондугу айтылды. Грек маалымат каражаттары Евзонес, Какавья, Кристаллопиги, Промахонас, Нимфеа, Каштан жана Кипи чек ара бекеттиринин ачылгандыгын билдиришти.



Тектеш кабарлар