Эрдоган:«Пандемиядан кийин кайрадан калыбына келген дүйнөдө Түркия жылдыз өлкөлөрдөн бири болот»

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1445702
Эрдоган:«Пандемиядан кийин кайрадан калыбына келген дүйнөдө Түркия жылдыз өлкөлөрдөн бири болот»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, элден жалгыз күтүүлөрүнүн өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеп өздөрүнө колдоо көрсөтүүсү экенин айтты.

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

Түркиянын өзгөчө экономикалык секирик жасаган жылдарында кол салууларга дуушар болгонун айткан президент Эрдоган, элден жалгыз каалоосунун бул процессте эрежелерге баш ийип, иштерин, өндүрүшүн үзгүлтүккө учуратпай, өлкөсүнүн өнүгүүсү үчүн иштеп өздөрүнө колдоо көрсөтүүсү болгонун баса белгиледи.

Эрдоган: «Ичкериде жана тышкарыда орток көз караш Түркиянын пандемиядан кийин кайрадан калыбына келе турган дүйнөнүн жылдыз өлкөлөрүнөн бири боло турганы жөнүндө»,-деп айтты.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүү темасына да токтолгон Эрдоган, каза болгон жана жуктурган учур боюнча сандарды нөлгө түшүрүүнү максаттагандарын баса белгиледи.

Пандемия менен эң ийгиликтүү күрөшүүнү жүргүзгөн өлкөлөрдөн бири катары, кирешелерге дагы атайын көңүл бура тургандарын айткан Президент, экономикалык көрсөткүчтөрдүн июнь айында чоң секирикке белги бергенин, чет өлкөлөрдөн дагы Түркиянын товарларына буюртмалар арта баштаганын билдирди.



Тектеш кабарлар