Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы тынымсыз уланууда

Улуттук коргоо министрлиги террористтер менен болгон операциялар тууралуу маалымат берди.

1444861
Түрк куралдуу күчтөрүнүн операциясы тынымсыз уланууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Жолборс» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер шейит болду.

Улуттук коргоо министрлигинин жарыясында, «Чеңгел-Жолборс операциясы жүргүзүлгөн аймакта 2020-жылдын 28-июнунда террористтер менен болгон кагылышууда бир баатыр куралдаш жолдошубуз шейит болду»,деген сөз айкалышына орун берилди.

Анда, шейиттин жаткан жери жайлуу болушу тиленип, үй-бүлөсүнө, Түрк куралдуу күчтөрүнө жана Түрк улутуна көңүл айтылганы белгиленди.

Бир тараптан Ирактын түнрдүгүндөгү Зап аймагында белгиленген жикчил террордук уюм ПККга мүчө 1 террорист абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды.

Вандын Чатак районундагы элет жерде жүргүзүлгөн абадан коштолгон операциясында 3 террорист куралдары менен кошо жок кылынды.

Жок кылынган террористтердин 8-июнда Белбука бөксө тоосунда жол куруу иштерин жүргүзгөн жумушчуларды ташып бара жаткан унаа өтүп бара жатканда жардырылган жана 2 жумушчу шейит болгон кол салуунун күнөөкөрлөрү болгон  террористтер экендиги аныкталды.



Тектеш кабарлар