Түркия Сан-Мариного бет кап жагынан жардам берди
Сан-Марино Ковид-19дан олуттуу жапа чеккен өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет.
Түркия коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан жабыр тарткан Сан-Марино Республикасына бет кап жагынан жардам берди.
Түркиянын Римдеги элчилигинде өткөрүлгөн аземде Түркиянын Сан-Марино шаарына да аккредитацияланган Римдеги элчиси Мурат Салим Эсен, Сан-Марино Республикасынын Түркия элчиси Жоржио Гиреллиге бет каптарды тапшырып берди.
Элчи Эсен Түркиянын жардамына байланыштуу билдирүүсүндө, Сан-Маринонун калкына салыштырмалуу Ковид-19дан олуттуу жапа чеккен өлкөлөрдөн экенин баса белгиледи.
Эсенли: «Сан-Марино - бизди өзгөчө эл аралык аренада эч качан жалгыз калтырбаган өлкөлөрдүн бири. Биздин министр, президент Режеп Таййип Эрдоган ушул абалга олуттуу көңүл буруп, кылдаттык менен байкоо жүргүздү. Натыйжада, Сан-Марино шаарына биздин өлкөдөн маска жардамы чечими кабыл алынды»,- деди.
Сан-Маринонун Түркиядагы элчиси Жоржио Жирелли: «Түркия учурда миллиондогон качкындарды багып жатат. Биз Түркия Республикасына кең пейил тилектештик үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул жардам сан-маринолуктардын медициналык жактан коопсуздугуна чоң салымын кошот. Бул маанилүү колдоо үчүн биз абдан ыраазыбыз. Бул жардам эки өлкөнүн жакшы мамилесин мындан ары дагы чыңдайт деп ойлойбуз»,-деп айтты.
Гирелли андан соң элчи Эсенлиге ыраазычылык катын тапшырды.