Террор менен күрөш улантылууда

3 террорист жок кылынды.

1443909
Террор менен күрөш улантылууда

Тунжелинин Оважык районунун элетинде 3 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Оважык районунун элетинде облустук жандармерия командирлигине караштуу жандармерия атайын кыймылынын бөлүктөрү тарабынан 1,  абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда да 2 куралдуу террорист жок кылынды.

Жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн террордон изделгендер тизмесинде 500 000 лира сыйлык сайылган «Аргеш» каймана аттуу Осман Ишлейен экени такталды.

Аймакта операция улантылууда.

Ошол эле учурда Хаккаринин Чукуржа районунда кечээ жумушчуларга кол салган ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлиги тарабынан берилген маалыматта болсо Сирияда  Тынчтык булагы аймагында ПКК/ЙПГ террористтери тарабынан жайгаштырылган 6 жарылуучу заттын Мина жана колдо жасалган жарылуучу заттарды аныктоо,  жардыруу бригадасы тарабынан жардырылганы билдирилди.



Тектеш кабарлар