АКШда түрк мечитинде антитело тести жасалды
Жетекчилер талап боло турган болсо түрк коомуна кызмат кылган башка мечит жана борборлордо да тесттерди улантышарын белгилешти.
1443702

АКШнын Нью – Йорк шаарында Дин иштери башкармалыгына караштуу түрк мечитинде жаңы тип коронавирустан улам түрк жарандарына антитело тести жасалды.
Түркиянын Нью – Йорк башкы консулдугу жана Түркия - Америка багытоо комитети тарабынан уюштурулган программада түрк коомунун мүчөлөрү акысыз антитело тестин жасатуу мүмкүнчүлүгүн табышты.
Жетекчилер талап боло турган болсо түрк коомуна кызмат кылган башка мечит жана борборлордо да тесттерди улантышарын белгилешти.