Чавушоглу кесиптеши Раабга көңүл айтты

Чавушоглу Рааб менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1440798
Чавушоглу кесиптеши Раабга көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ишемби күнү Англиянын борбор шаары Лондонго жакын жердеги бир аймакта болгон бычак менен кол салууда каза тапкандарга байланыштуу британиялык кесиптеши Доминик Раабга көңүл айтты.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, Чавушоглу Рааб менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Чавушоглу Раабга бул кол салуу жөнүндөгү кабарга абдан кайгыргандыгын айтты жана кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жаракат алгандардын кайгысын тең бөлүшкөндүгүн маалымдады.

Рааб болсо көңүл айткандыгы үчүн Чавушоглуна ыраазычылык билдирди.

Ишемби күнү кечинде Лондондон 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Рединг шаарында болгон кол салууда 3 адам каза болуп, 3 адамдын жаракат алгандыгы кабарланган болчу.

Темза өрөөнүнүн полиция кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кол салуунун террордук окуя деп жарыялангандыгы айтылган.



Тектеш кабарлар