Түркиядагы китепканалар

Түркиянын статистикалык мекемеси 2019-жыл үчүн "Китепкана көрсөткүчтөрүн" жарыялады.

1439260
Түркиядагы китепканалар

Түркияда 32 миң 411 китепкана кызмат көрсөтүүдө.

Түркиянын статистикалык мекемеси 2019-жыл үчүн "Китепкана көрсөткүчтөрүн" жарыялады.

Буга караганда, өткөн жылдан тарта бирөө улуттук, 1182и коомдук, 610у университет, 30 миң 618и формалдуу жана жалпы билим берүү мекемесинин китепканаларынан турган 32411 китепкана иштеп жатат.

Улуттук китепканада 137 миң 14 мүчө, коомдук китепканаларда 3 миллион 955 миң 908 жана университеттин китепканаларында 3 миллион 568 миң 73 мүчө бар.

Былтыр Улуттук китепканадагы китептердин саны 1 миллион 443 миң 751 деп аныкталды.

Бул жердеги башка материалдардын саны 185 миң 527 болду.

Улуттук китепкананы пайдалануучулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 12,2 пайызга көбөйүү менен 711 миң 523 адамды түздү.

Коомдук китепканалардын саны ушул мезгилде 1,7 пайызга көбөйүп, 1182 болду.

Коомдук китепканалардагы китептердин саны тийиштүү мезгилде 3,9 пайызга көбөйүп, 20 миллион 742 миң 540ка жетти.

Бул китепканаларда катталган мүчөлөрдүн саны 39,3 пайызга көбөйүп, 3 миллион 955 миң 908ге жетти.

Бул китепканаларды пайдалануучулардын саны 11,4 пайызга көбөйүп, 31 миллион 451 миң 920га жетти.

Коомдук китепканалардагы башка материалдардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 пайызга өстү.



Тектеш кабарлар