Кызыл бюллетень менен изделген террорист кармалды

Өлкө тышына качуу үчүн даярданып жаткан террорист кечээ кечинде 23:35 чамаларында жүргүзүлгөн операцияда кармалды.

1439287
Кызыл бюллетень менен изделген террорист кармалды

Эл аралык полиция уюму INTERPOL тарабынан кызыл бюллетень менен изделген ПКК террордук уюмдун террористти Сабри Дал коопсуздук жана Улуттук Чалгындоо Уюму жүргүзгөн биргелешкен операцияда Шырнакта кармалды.

Шырнак губернаторлугунан берилген маалыматка караганда облустук коопсуздук директорлугу жана Улуттук Чалгындоо Уюмунун башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн эмгектин натыйжасында Интерпол тарабынан кызыл бюллетень менен изделген террордук уюмдун Сабри Дал аттуу мүчөсүнүн Силопи районунда экени тууралуу маалымат билдирилди.

Өлкө тышына качуу үчүн даярданып жаткан террорист кечээ кечинде 23:35 чамаларында жүргүзүлгөн операцияда кармалды.

Кармалган террорист Далдын 2013 -  жылы коопсуздук коргоочусу Мехмет Саит Жошкундун Жизреде шейит кылынышы жана Шанлыурфада Суруч районунда мурунку муниципалитет төрагасы Салих Текиналп менен уулу Саит Текиналпты өлтүрүү окуяларынын аткаруучусу болгону белгиленди.

Террорист : «Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу, мамлекеттик милдетин акарып жаткан бир кишини өлтүрүү кылмышынан, куралдуу террордук уюмдун мүчөсү болуу кылмышынан, расмий аймакта көз боёмочулук  кылмышынан, атайын өлтүрүү кылмышынан» изделип жаткан.



Тектеш кабарлар