Лаванда талаасы туристтерге ачылды

Эдирнедеги көз жоосун алган лаванда талаалары

1437052
Лаванда талаасы туристтерге ачылды
lavanta.jpg

Эдирне шаарындагы ажайып кооз жерлердин бири болгон, жыл сайын фотография сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун тарткан түстүү лаванда талаалары конокторду коронавирус чара көрүүлөрүнүн астында тосуп ала баштады.

Фракиянын Айыл чарба изилдөө институтуна таандык лаванда талааларына өткөн жылы Лаванда талаасынын күндөрүндө бир аптада болжол менен 60 миң адам барды.

Быйыл болсо пандемияга байланыштуу талаа күндөрү уюштурулбаган бул жер өзгөчө фотосүрөткө түшүүнү каалагандар үчүн тыкыр көзөмөлдүн астында ачылды.

Аймактын маданият жана туризм директору Кемал Сойтүрк билдирүүсүндө, экономикалык мааниси менен алдыңкы орунда турган лаванда талаалары, ошондой эле уникалдуу табигый кооздугу менен дагы табигый фотография студиясы экендигин айтты.

Сойтүрк: «Быйыл Фракия айыл чарба институтунун Караагачтагы лаванда талаасы туристтерге ачылды. Жергиликтүү жана чет элдик коноктордун дене табы өлчөлүүдө. Маска тагып келгендер, социалдык аралыкты эске алуу менен лаванда талааларына кире алышат»,-деди.

Лаванда талаасы бир апта бою Түркия убактысы боюнча саат10:00дон 21:30га чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар