Араб уруулары Түркиянын операцияларына колдоо көрсөтүштү

Синжар тоосунда террордук уюмдун колундагы абактарда араб аялдар күнөөсүз жерден кармалып турат.

1436850
Араб уруулары Түркиянын операцияларына колдоо көрсөтүштү

Ирактагы араб уруулары Түркиянын террор уяларын бутага алган операцияларына колдоо көрсөттү.

Керкүк, Салахаддин жана Дияла аймактарындагы уруулардын өкүлү араб  урууларынын катчысы Шейх Мизахым ел  -  Хувейт түрк куралдуу күчтөрүнүн Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмуна карата операцияларын колдошкондорун билдирди.

Ел  -  Хувейт жазуу түрүндө берген маалыматында Синжар тоосунда террордук уюмдун колундагы абактарда араб аялдардын күнөөсүз жерден кармалып жатканын белгилеп : «Бул операция ошол эле учурда абактардагы аялдарга карата кыйноо жана зордуктоолорго каршы жооп катары мүнөздөлүүдө»,- деди.

Синжарда жер астында жашыруун 8 абактын бар экенин айткан Хувейт бул жерлерде 80 араптын күнөөсүз эле кармалып жатканын жана араларында аялдардын да бар экенин белгиледи.

ПКК террордук уюмдун Синжар, Махмур жана жакындарындагы аймактарда адамзаттык кылмыш кылганын белгилеген Ел – Хувейт Ирак борбордук өкмөтү менен Багдат  парламенти жана Ирак Күрт Аймактык башкаруусу, Эрбил парламентине бул уюмдун өлкөнүн түндүгүнөн чыгышы үчүн чечим чыгарууга чакырды.



Тектеш кабарлар