АКШга "Түрк сотторуна сый көрсөтүүгө" чакыруу салынды

Түркия АКШга көз карандысыз түрк сотторунун чечимдерине сый көрсөтүүгө чакыруу салды.

1434480
АКШга "Түрк сотторуна сый көрсөтүүгө" чакыруу салынды

Түркия АКШга көз карандысыз түрк сотторунун чечимдерине сый көрсөтүүгө чакыруу салды.

АКШнын Стамбул башкы консулдугунун кызматкери Метин Топуздун «куралдуу террордук уюмга жардам» кылмышынан 8 жыл 9 ай абак жазасына тартылуусуна байланыштуу АКШнын Анкара элчилигинин «Чечимден улам көңүлүбүз калды» жана «Чечимдин кайтарылышын ойлоп жатабыз» деген билдирүүсүнө Түркиянын Вашингтон элчилигинен каршылык көрсөтүлдү.

Түркиянын Вашингтон элчилигинин твиттерден берген маалыматында Топуздун ФЕТӨго жардам берүү кылмышынын бар экени жана 7 күндүн ичинде бул чечим тууралуу даттануу укугунун бар экендиги баса белгиленип бул сөздөргө орун берилди : «АКШнын Анкарадагы элчилигинин Топузга карата мыйзамдуу чечимин сынга алган жана ушунун негизинде соттун ишенимдүүлүгүн тергөөгө алган билдирүүсү сот көз карандысыздыгына карата кийлигишүү болуу менен бирге чет элдик дипломатиялык миссиялардын ролун жана жоопкерчиликтерин белгилеген эрежелер менен дал келбей жатат. АКШнын элчилигине көз карандысыз түрк сотторунун чечимине сый көрсөтүү жана адилеттүүлүккө жеткирилишине кийлигишүүдөн алыс турушун сунуш кылабыз».

Стамбул 14 -  Кылмыш Жогорку Соту Топузду «куралдуу террордук уюмга жардам» кылмышынан 8 жыл 9 ай эркинен ажыраткан.



Тектеш кабарлар